Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Өзбекстандык чек арачылар аткан октон кыргыз жараны каза болду


Аксы районундагы чек ара аймактарына орнотулган жазуу. 2012-жыл.
Аксы районундагы чек ара аймактарына орнотулган жазуу. 2012-жыл.

Өзбекстандын чек арачылары аткан октон Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну каза болду.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, 7-апрелде 34 жаштагы жергиликтүү тургунга коңшу мамлекеттин аскерлери ок атышкан. Ал Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган.

Чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында болгонун, Мамай айылына баратканын билдирди.

Факт боюнча Чек ара кызматынын адистери жана күч органдары иликтөө баштады. Эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары жолугуп, чоо-жайын тактап жатышат. Өкмөт башчы Сапар Исаков да тийиштүү кызматтарга окуяны иликтөөнү тапшырганы расмий кабарланды.

Маркум Аксы районунун Курулуш айылынын тургуну болгон.

Өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын жарандарына ок атып, киши өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG