Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Украина соту орусиялык "Норд" кемесинин капитанын камады


Украинада сот орусиялык балык уулоочу "Норд" кемесинин капитаны Владимир Горбенкону майдын аягына чейин камады. Азов деңизинде колго түшкөн капитан оккупцияланган аймакка кирип-чыгуу эрежесин бузган деп айыпталууда.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы кеме капитанын жана бир канча экипаж мүчөлөрүн 25-мартта кармаган. Кеме өзү Бердянск портунда турат. Алар 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Москва Киевден "Норддун" экипажын бошотууну талап кылып, алардын күнөөсү жоктугун айтып жатат. ФСБнын Крымдагы башкармалыгы Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду.

Украинанын аймагындагы Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG