Кыргызстанда 10-апрелге чейин жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт.
8-апрелге караган түнү Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында нөшөр болорун Кыргызгидромет адистери эскертишти. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.
Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, кээде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,
Талас жана Нарын облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,
Баткен жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан болот. Түнкүсүн 6…8, күндүз 10…12 градус жылуу болот.