Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Reuters: Орусиядан Сирияга жалданма кишилерди ташыган каттам аныкталды


Cham Wings авиакомпаниясынын учагы. Ростов-на-Дону аэропорту. 17-январ, 2018-жыл. Фото: REUTERS/Stringer
Cham Wings авиакомпаниясынын учагы. Ростов-на-Дону аэропорту. 17-январ, 2018-жыл. Фото: REUTERS/Stringer

Reuters агенттиги Орусиядан Сирияга жалданма кишилерди ташыган каттам аныкталганын маалымдады. Ал Ростов-на-Донудагы аэропорттон Дамаск же Латакияга учкан. Каттамды Сириядагы жеке Cham Wings авиакомпаниясы аткарган. Бирок бул тууралуу ачык маалымат жарыяланган эмес.

Reuters агенттигинин кабарына ылайык, 2017-жылдын башынан бери Airbus A320 жарандык лайнеринде эки жакка 51 каттам болгон. бул учакка 180 адам батат. Адам көп кезде аскерий учактар да колдонулган.

Агенттикке бул маалыматтарды атын ачыкка чыгарууну каалабаган орусиялык жаран, аскерий келишим менен Сирияга төрт жолу барып келген адам билдирген.

Cham Wings авиакомпаниясы жалданма кишилерди ташыйт деген божомол менен 2016-жылы АКШнын санкциялар тизмесине кирген.

Москва Сириядагы аскерий өнөктүктү 2015-жылдын күзүндө расмий баштаган. 2017-жылдын декабрында Сириядан орус армиясынын негизги курамы чыгарылары кабарланган. Эки жыл аралыгында Сирияда 44 орус аскери набыт болгону тууралуу расмий маалымат бар.

Reuters агенттиги жарыялаган кабарга Кремлден комментарий боло элек.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы тутанып, миңедеген кишилердин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG