Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөлөрү Апрель окуясынын сегиз жылдыгын эскеришти. Өкмөт башчы Сапар Исаков, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, партиянын төрага орунбасары Фарид Ниязов баштаган саясатчылар Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратына жакын "7-апрель баатырлары" сквериндеги монументке гүл коюшту. Андан тышкары иш-чарага Апрель окуясына байланышы бар ондон ашуун уюмдардын мүчөлөрү катышты.
Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен да эскерүү иш-чаралары өттү. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүүгө экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков да барды. Мурдагы президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Партиянын маалыматына ылайык, Атамбаев ооруп калганына байланыштуу иш-чарага катыша алган жок.
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. (SE)