Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Чыгыш Гутада уруш жана авиасоккулар кайрадан жанданды


Чыгыш Гутадагы аба соккулары. 23-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадагы аба соккулары. 23-март, 2018-жыл.

Сириянын Дума шаарында 6-апрелде жанданган авиасоккуларда ондогон кишилер набыт болду. Укук коргоочулар жайкын тургундар арасынан 40 чамалуу адам көз жумганын билдиришти. Жергиликтүү булактардын кабарына ылайык, Орусиянын ортомчулугунда козголоңчулар менен Сирия бийлигинин ортосунда бир жумадай мурда түзүлгөн тынчтык келишими сакталбай жатат.

Авиасоккуларды өкмөт күчтөрү уруп жатканы, арасында Орусияга таандык учактар болгону тууралуу маалымат айтылууда. Чыгыш Гута аймагындагы анклав-шаар Думага жерден сокку уруу башталганы кабарланды. Бул калааны козголоңчулар ээлеп турушкан.

Сирия бийлиги Дамасктагы аткылашууда да бир канча киши курман болгонун айтып, козголоңчуларды күнөөлөдү.

Февралдын этегинде өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гутаны бир нече жылдан бери ээлеп турган козглоңчуларга абадан сокку ура баштаган. Укук коргоочулардын эсебинде, куралдуу кармаштардан жана аба соккуларынан бир жарым миңдей карапайым кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG