Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Канададагы жол кырсыгында хоккейчилер каза болушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Канадада жол кырсыгында 14 адам набыт болду, алардын көбү жаш хоккейчилер командасынын мүчөлөрү.

Reuters агенттиги жергиликтүү басылмаларга таянып билдиргендей, жума күнкү Саскачеван аймагында болгон аварияда жабыркаган дагы 14 адам ооруканага жеткирилди.

Автобус жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жакынын жоготкондорго көңүл айтты. Нипавин шаарындагы чиркөөдө курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына гуманитардык борбор уюштурулду. (SE)

XS
SM
MD
LG