Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

УКМК башчысы Абдил Сегизбаев кызматтан бошотулду


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Абдил Сегизбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол койгонун Президенттик аппараттын басма сөз кызматы 7-апрелде билдирди.

44 жаштагы Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы болуп 2015-жылдан бери иштеп келаткан. Ал буга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Абдил Сегизбаевдин аты чуулгандуу "Белгизгейт" жаңжалында көп айтылган. Анда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракциянын ошол кездеги мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айыпталган.

"Ата Мекендин" депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагып келишет.

Бул иштин бети ачылып, такталбаса Абдил Сегизбаев иштен кете турганын ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да айткан болчу. Бирок көп өтпөй экс-президент Атамбаев Сегизбаевге генерал-майор деген аскердик наам ыйгарган. (SE/BkA)

XS
SM
MD
LG