Болот Сүйүмбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору кызматынан бошотулду.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы 7-апрелде билдиргендей, тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Расмий кабарда Cүйүмбаев өз арызынын негизинде иштен алынганы айтылат. (SE)