Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Казакстанда кыргыз номуру тагылган кичи автобус аткыланды


Казакстандын Актөбө аймагында 6-апрелге караган түнү кыргыз номуру тагылган кичи автобусту белгисиз кишилер аткылап, айрым жүргүнчүлөр жарадар болду. Окуя иликтенип жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, "Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаа жолдо бузулуп, айдоочусу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен учурда белгисиз кишилер кичиавтобусту аткылашкан. Айдоочу кайтып келип, укук коргоо органдарын жана "Тез жардам" чакырган.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG