Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Өзбек чек арачылары курал колдонгону боюнча Ташкентке нота жиберилди


Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салганына байланыштуу Бишкек Ташкентке нота жиберди.

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакыртып, министрдин орунбасары Нурлан Абдырахманов ага нотаны тапшырганы расмий кабарланды.

Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган.

Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.

Өкмөт башчы тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, чоо-жайын иликтөөнү тапшырган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG