Казакстандын Актөбө аймагында кыргыз номуру тагылган кичи автобуска каракчылык максатында кол салынганы аныкталды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам - теги тажик орус жараны жаракат алган. Ал азыр ооруканада жатат.
Каракчылар кыргызстандыктын буюмдарын тоноп кетишкен.
Мамлекеттик номуру B8451AI "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан.
Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана "Тез жардам" чакырган.
Окуя Акшат кыштагында болгон. Иликтөө иштери уланууда. (SE)