Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Сапар Исаков Көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди


Премьер-министр Сапар Исаков быйыл сентябрда өтчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштерин текшерип, Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда жарыктандыруу жумуштарын жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы 7-апрелде Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, социалдык, маданий багытта жасалып жаткан иштерди текшерди.

Өкмөт башчы Чолпон-Ата шаарынын суу чыпкалоочу жайы менен таанышып, иштерди жандандыруу керектигин белгиледи. Андан соң Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданга барды.

Исаков Ысык-Көл райондук администрацияда жергиликтүү жетекчилер менен да жолугушуу өткөрдү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда болот. Бул үчүн бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөрү кабарланган. (AsM)

XS
SM
MD
LG