Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

"Фейсбук" эми саясий жарнама бергендердин тек-жайын сурайт


"Фейсбук" мындан ары тармакка саясий жарнаманы жарыялоодон мурда ал үчүн ким акы төлөгөнү тууралуу маалыматтарды ачык айтууну талап кылат. Жаңы эреже шайлоолордо чет өлкөдөн таасир тийгизүүнү каалагандарга каршы туруу максатында киргизилмекчи. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6-апрелде билдирди.

Цукерберг АКШ Конгресси былтыр күзүндө кабыл алган социалдык желеге саясий жарыя чыгаргандардын тек-жайын ачык айтууну талап кылуу тууралуу мыйзамды колдоорун кошумчалады. Ошондой эле ал шайлоодогу талапкердин аты-жөнү түздөн-түз айтылбаган, раcизм, куралга байланышкан жарнамаларды жайгаштыргандар тууралуу көбүрөөк маалымат берилиши керектигин да айтты. Эрежеге баш ийбегендердин жарыясы чыкпайт.

АКШдагы соңку президенттик шайлоодо орусиялыктар социалдык тармак аркылуу таасир тийгизүүгө аракет кылганы тууралуу маалыматтар айтылып келет.

Орусиядагы "Троллдор фабрикасы" атыккан "Интернет изилдөөлөр агенттигин" АКШ өкмөтү "жалган маалыматтарды жана орус бийлигинин үгүтүн жайылтууда" деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG