Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

"Ага Хан": Ошто жүздөгөн эчки кырылып калышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Ага Хан" фонду жалдаган ветеринар окумуштуулар тобу Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2013-2015-жылдары эчкилердин кырылышынын себептерин иликтеп чыгышты.

Окумуштуулар иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, ошол жылдардагы ылаң кайра кайталанса Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жүз миңдеген жандыкка чоң залакасы тийип калышы мүмкүн. Анын алдын алуу үчүн чек ара аймактарда атайын дарылоо иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Ага Хан" фондунун коомчулук менен байланыш кызматынын менеджери Айсулуу Кожомкулова билдирди.

Маалыматка караганда, мурда белгисиз болгон мал ылаңы Ооганстан, Тажикстандан өтүп, Кыргызстандын Чоң-Алай районун каптаган.

Окумуштуулар Кыргызстан мал жандыктарынын саламаттыгын коргоо үчүн бажы бекеттерине ветеринардык лабораторияларды куруп, Тажикстан менен чектеш аймактардагы мал догдурларды заманбап жабдуулар менен камсыздап, окутуу зарыл экенин эскертишүүдө. Андан сырткары Тажикстанга чектеш аймактардагы жандыктарды пландуу эмдөө сунушталган.

2013-жылы Чоң-Алай районунда кой-эчкилер жапырт кырылган.

Учурда аймакта 600 миңдей эчки бар экени айтылат.

"Ага Хан" фонду бул жаатта ишке ашырган "Бай Алай" программасы Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, "ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн" жана "Ага Хан" фондунун ортосундагы концорциум аркылуу ишке ашырылат. (YI)

XS
SM
MD
LG