Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Германияда жүк автоунаасы адамдарды тебелеп, эки киши каза тапты


Германиянын батышындагы Мюнстер шаарында 7-апрелде жүк ташыган автоунаа адамдарды тебелеп кетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салуудан эки киши каза таап, дагы 20дай адам жараат алды. Кол салган айдоочу өз жанын кыйганын полиция билдирди. Жарадарлар арасында оор акыбалдагылары бар. Бул тууралуу Speigel Online немис басылмасы кабарлады. BBC көчөдө адамдарды фургон тебелегенин жазды.

Шаар полициясы азырынча кол салуу тууралуу кошумча маалымат тарата элек. Атайын кызмат муну пландалган чабуул экени тууралуу божомолду четке каккан жок.

XS
SM
MD
LG