Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Аба ырайы: 9-апрелде жаан-чачын болот


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 10-апрелге чейин жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

9-апрелде түнкүсүн ​Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорго кар жаайт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5.

Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG