Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Косоводо башкаруучу партиянын 11 мүчөсүнө айып коюлду


Косоводо башкаруучу партиянын 11 мүчөсүнө коррупцияга байланыштуу айып тагылды. Расмий маалыматтарга караганда, Косово демократиялык партиясынын бул мүчөлөрү партияга катышы бар кишилерди гана мамлекеттик кызматка дайындашкан.

Расмий билдирүү 6-апрелде жарыяланды. Бул айыптоолорго 2011-жылы Европа Биримдигинин EULEX деп аталган миссиясынын алкагында жазып алынган сүйлөшүүлөр негиз болгон.

Европа Биримдиги Косово өкмөтү тамырлап кеткен коррупция жана уюшма кылмыштуулук менен алгылыктуу күрөшпөй жатканын сындап келет.

Косово демократиялык партиясы 11 жылдан бери саясатта жүрөт.

6-апрелде айып тагылган кишилердин арасында мартабалуу аткаминерлер бар. Алардын бири - инновация жана ишкерлик министри.

XS
SM
MD
LG