Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Венгрияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгрияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул шайлоо премьер-министр Виктор Орбандын туруму канчалык бекемдигин сынай турганы айтылган.

Алдын ала сурамжылоолорго ылайык, башкаруучу ФИДЕС улуттук партиясы шайлоочулардын 50% көп добушун алат деп болжолдонууда. Эгер партия утуп чыкса, анын лидери, мигранттарга каршы катаал саясат жүргүзгөн 54 жаштагы Орбан үчүнчү мөөнөткө премьерлик кызматта калат.

Шайлоого беш саясий партия жана кыймылдар да катышууда. Беш пайыздык чектен өткөндөр парламентке кирет.

Венгрияда 8,3 миллион шайлоочу бар.

XS
SM
MD
LG