Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:36

Хабиб Нурмагомедов UFC чемпиону болду


Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келген учуру.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде чемпион болду. Ал америкалык Эла Яквинтаны утту. Таймаш 7-апрелде Нью-Йоркто өттү.

Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарын жеңген. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун рейтингинде Тони Фергюсондон кийин экинчи орунда турат. Буга чейин экөө күч сынашаары айтылган. Бирок америкалык спортчу бутунан жараат алып, таймаш болбой калган.

Быйыл январда Нурмагомедов Бишкекке келип, күйөрмандары менен жолугуп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG