Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:26

Сирияда элге каршы химиялык курал колдонулганы айтылууда


Сирия.

Америка Кошмо Штаттары Сириянын өкмөттүк күчтөрү химиялык куралды "өтө коркунучтуу" түрдө колдонгону тууралуу кабарга дыкат көңүл бурууда. Бул тууралуу 7-апрелде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Ноэрт тараткан баяндамада айтылат.

"Режимди колдоп келатканына байланыштуу миңдеген сириялыктарга аёосуз химиялык курал колдонулганы үчүн Орусия да жооптуу. Сирия өкмөтүн абадан коргоп келаткан Орусия Бириккен улуттар уюмунун алдында кепилдик алган милдеттерди бузду" деп белгиленет баяндамада.

Сириядагы козголоңчулар тобу жана эл аралык уюмдар 7-апрель күнү өкмөт кошуундары Чыгыш Гутада жайкын тургундарга уулуу химикаттардан турган бомба ыргытканын айтып чыгышкан.

Козголоңчулардын көзөмөлүндөгү бул аймакты учурда өкмөт күчтөрү курчап алышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG