Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Крымда жол кырсыгында беш киши каза тапты


Крымдагы кырсык. Армянск шаары. 8-апрель, 2018-жыл.
Крымдагы кырсык. Армянск шаары. 8-апрель, 2018-жыл.

Крымда электр поезд менен кичи автобус кагылышып, беш киши өмүрү менен кош айтышты. Бул тууралуу Орусия аннексиялап алган жарым аралдын Ички иштер министрлиги кабарлады. Кырсык 8-апрелде Армянск шаарында болду. Үч адам ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, поезд өз жолунан чыккан эмес. Кырсыкка автобустун айдоочусу күнөөлүү болушу мүмкүн экени болжолдонуп жатат. Кырсык болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, куткаруучулар иштеп жатышат.

Украинага караштуу Крым аймагын Орусия 2014-жылдын мартында аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG