Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:15

Немис полициясы Мюнстердеги окуяны иликтеп жатат


Мюнстердеги кандуу окуя болгон жерди полиция курчоого алды. Германия. 7-апрель, 2018-жыл.

Немис тергөөчүлөр Мюнстер шаарында болгон кандуу окуяны иликтеп жатышат. Алар "49 жаштагы киши эмне себептен машине менен элди тебелеп кеткен?" деген суроого жооп издешүүдө.

7-апрелде Мюнстерде жүк ташыган автоунаа көчө кафесинде отургандарды тебелеп кеткен. Үч киши өлүп, отуздан ашууну жараат алган. Алты адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Кол салган айдоочу өз жанын кыйган.

Бүгүн прокурор Мартин Ботзенхардт "азырынча бул кылмыштын артында кимдер турганын айтуу эрте экенин" билдирди. Прокурор бардык версиялар каралып жатканын кошумчалады.

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ички иштер министри Герберт Реул шектүүнүн акыл-эси ордунда болбогонун айтты. Ал ошондой эле шектүүнүн радикал кыймылдар менен байланышы далилденбегенин кошумчалады.

Буга чейин радикал кыймылдарга мүчө согушкерлер Британия, Франция, Швеция жана Германияда жүк ташуучу унааларды колдонуу менен теракт уюштуруп, ондогон адамдар набыт болгон.

XS
SM
MD
LG