Венгрияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, мурда болжондонгондой премьер-министр, ашынган оңчул Виктор Орбандын ФИДЕШ партиясы алдыга чыкты. Эксперттердин алдын ала жасаган жыйынтыгына караганда, ФИДЕШ партиясын добуш бергендердин 69 пайыздан ашууну колдогон. Бул жеңиш менен Орбан үчүнчү жолу өкмөт башчылыкка шайланат. 54 жаштагы Орбан бул шайлоо "Венгриянын келечегин чечет" деп билдирген.
"Биз Европа Биримдигинин жана бардык эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. Биз өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жатабыз. Анткени биз өз өлкөбүздү сүйөбүз жана анын келечеги үчүн күрөшөбүз”.
Оппозиция лидерлери элдин жигердүү катышуусу жеңишти камсыз кылат деп ишенишкен. Шайлоого беш саясий партия жана кыймылдар да катышты. Беш пайыздык чектен өткөндөр парламентке кирет. Калкынын саны 10 миллионго жеткен Венгриянын 8,3 миллион жараны добуш берүүгө укуктуу.