Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салган окуяны Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтей баштады. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Аксы райондук ички иштер бөлүмү окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду.
Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумганын Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлаган. Аталган мекеме маркум Кыргызстандын аймагында баратканда окко учканын билдирген.
Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы тараткан кабарда, маркум Өзбекстандагы туугандарына барып, кайра келатканда өзбек чек арачысы аны Кыргызстандын аймагына кирип башына атып салганы, ошол жерде мүрт кеткени айтылат. Өзбекстандык чек арачы Мырзакалыковдун денесин өз аймагына сүйрөп алып кирип кетүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат бар.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн" айткан.
Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген.
Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде жагдайды телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. (SE)