Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышын иликтөөдө. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Мамлекеттик номуру B8451AI "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан. Окуя Акшат кыштагында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам - теги тажик орус жараны жаракат алган, буюмдары тонолгон. Ал азыр ооруканада жатат.

Кол салгандар кыргызстандык бир жарандын да акчасын, алтын сөйкө-шакектерин, документтерин алып кетишкен. Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана "Тез жардам" чакырган.

Актөбө облусу аркылуу өтө турган Шымкент - Самара багытындагы жол менен күн сайын жүз миңдеген автоунаа жана автобус Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан Орусияга каттайт.

XS
SM
MD
LG