Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча шашылыш жыйынга чогулат


Химиялык куралдан жабыркаган бала медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.
Химиялык куралдан жабыркаган бала медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.

Сириянын Дума шаарында химиялык курал колдонулганы тууралуу тараган кабардан улам БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезексиз шашылыш жыйын өткөрөт. Аны Франция сунуштап, АКШ, Британия баштаган сегиз өлкө колдоду.

Көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо иштеген Сирия-Америка медицина коому жана Сириядагы жарандык коргонуу кызматы 7-апрелде химиялык бомба жарылган маалда Дума шаарында 49 киши мерт болгонун билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул үчүн Башар Асадды колдоп келаткан Орусия менен Иранды айыптаган. Москва менен Тегеран Сириядагы химиялык чабуул тууралуу дооматтарды четке кагууда.

Рим папасы Фрэнсис жекшемби күнкү сыйынуу учурунда Сириядагы химиялык апаат тууралуу сүйлөдү:

- Согуштун жакшы-жаманы болбойт. Бирок куралсыз жайкын тургундарга мындай жапырт кыргын салган курал колдонууну актоо мүмкүн эмес. Келгиле, саясий лидерлер башкача жолдорду тандашы үчүн дуба кылалы.

Сирия президенти Башар Асадга каршы "Ак каскачандар" тобу жана башка уюмдар 7-апрелде кечинде уулуу газ менен толтурулган баррелдик бомбалар Дума шаарына ыргытылганын билдирип чыгышкан. Курман болгондор жүзгө жакын деген маалыматтар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG