Кыргызстанда 11-апрелге чейин жаан-чачын жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.
10-апрелде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5.
Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус жылуу болот.