Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту. Жолугушуунун расмий аземинде Кыргызстандын мамлекет башчысынын кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду.
Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин алгач бетме-бет жолугушуусу болот. Андан соң кеңири курамдагы жолугушуу өтөрүн президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алган.
10-апрелде Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркиянын өкмөт башчысы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. (КЕ)