Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйыны быйыл сентябрь айында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн Анкарадагы жолугушуудан кийин билдиришти. Ошондой эле жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлду.
Алар:
- Инвестиция жаатындагы меморандум;
- Айыл чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- Дене тарбия, спорт жаатындагы макулдашуу;
- Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо макулдашуусу;
- Социалдык камсыздоо жаатындагы келишим;
- Маалымат жана басма сөз жаатындагы биргелешкен протокол.
Макулдашууларга кол коюлгандан кийинки биргелешкен басма сөз жыйынындагы сөзүндө Режеп Тайып Эрдоган тараптар экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтыкты талкуулашканын да кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү ниеттерин билдиришкен.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапар менен кечээ барган. Бул - анын президент катары Түркиядагы алгачкы сапары.
Түркия 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы турат деп тапкан. Ошондон кийин Анкара Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.
Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин Бишкекте боло турган жыйыны да ошондон кийин улам артка жылып келе жаткан.