Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстандагы сот бийлигинин абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте коомдук ишмерлер, белгилүү саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандагы сот бийлигинин абалын жана аны реформалоонун жолдорун талкуулашат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, активист Адил Турдукулов “Азаттыкка” кабарлады.

- Сот реформасы юристтердин гана маселеси болбош керек. Бул саясий маселе, ошондуктан биз тармакты реформалоо боюнча коомчулук өкүлдөрүн чакырып жатабыз. Көбүнчө сот органдары УКМК жана Башкы прокуратура менен бирге саясий куугунтуктун эң башкы органы болуп калган.

Турдукулов президенттин азыркы Конституция боюнча сотторго карата көзөмөл функциясы жана реформалоо мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп жатат.

Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку соттун алдына нааразылык акциясына чогулуп, сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууну токтотууга чакырышкан.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин келген бийлик сот адилеттигин орнотууга убада берген. Бийлик судьялардын 60-70 пайызы жаңыланганын, алардын айлыгы көбөйүп, материалдык-техникалык шарттары жакшырганын айтып келет. Бирок эркин серепчилер "бул аракеттер судьяларды мурдагыдан да көз каранды кылды" деп сынга алышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG