Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Коопсуздук кеңешинде Думадагы химиялык чабуул талкууланды


АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.
АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн ишембиде Сириянын Дума шаарында болжолдуу химиялык курал колдонулганын талкуулаш үчүн шашылыш түрдө кезексиз жыйын өткөрдү.

Кечээ АКШ, Франция жана Британия баштаган тогуз өлкө химиялык курал тууралуу маалыматтарды караш үчүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү талап кылышкан. Орусия дагы "эл аралык тынчтык менен коопсуздук" маселеси талкууланышы керек экенин билдирип, Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылган.

Жыйынды ачып жатып БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура Сириянын айланасындагы абал эл аралык коопсуздукка аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлде дагы терс таасир этиши ыктымал экенин эскертти.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маалымат топтош үчүн Думага радиологиялык, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча орусиялык адистер жөнөтүлгөнүн билдирди. "Алар топурактын үлгүсүн алып текшеришти. Жыйынтыгында нервди шал кылуучу жана хлордуу заттын жок экени аныкталды", — деди орусиялык дипломат.

Өз кезегинде АКШнын уюмдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Коопсуздук кеңешинде кандай гана чечим кабыл алынбасын, химиялык чабуулга күнөөлүүлөрдү жазалаш үчүн Кошмо Штаттар өз алдынча аракет кыла турганын билдирди. Анын айтымында, "дүйнө кантип акыйкаттык орноп жатканына күбө болушу керек".

АКШ болжолдуу химиялык курал колдонулганына жооп катары Асаддын режимине каршы аскердик күч пайдаланылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү дүйшөмбүдөгү жыйында эч кандай чечим кабыл алышкан жок. Бүгүн алар резолюция долбоорун талкуулай тургандыгы айтылууда.

АКШ президенти Дональд Трамп "маанилүү чечимдерди" бир сутканын ичинде жарыялоого убада берди. Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм Думада 7-апрелде ууландыруучу химиялык зат колдонулганы тууралуу маалыматты текшере баштады. Медициналык булактардын маалыматтарына караганда, өткөн ишембидеги бомбалоодон 60ка жакын адам мерт болуп, миңдеген киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG