Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Америкалык ырчы Кыргызстанда жана Өзбекстанда концерт берет


Жина Чавездин афишасы.
Жина Чавездин афишасы.

Ырчы Жина Чавездин концерттик туру 11-апрелде Кант шаарынан башталат. 14-апрелде ал жетектеген топ Ош шаарында, Араван районунда Навои атындагы орто мектебинде болот. 15-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында концерт берген соң Жина Чавез 18-апрелде концерттик турун Бишкек шаарында жыйынтыктайт. Бул концерт борбор калаадагы "Азия Молл" соода борборунда болот.

Америкалык ырчы, ар кандай улуттардын популярдуу латын музыка аткаруучусу Жина Чавез тогуз жолу "Austin Music Award" сыйлыгын алган. Эки тилде аткарылган "Up.Rooted" чыгармасы "Amazon" жана "Latini Tunes" тизмелеринде биринчи орунду ээлеген. Анын "Tiny Desk" концерти 2015-жылы NPRдын 15 концерттин ичинен эң мыкты деп таанылган.

Мамлекеттик департамент менен бирге маданий элчи катары тогуз өлкөгө болгон саякатын аяктап, эки тилдеги жалындуу ырлар жыйнагы менен Жина Чавез аймактагы үндөрдү жана ыргактарды аракет жана көркөмдүк менен бириктирип, Түндүк жана Түштүк Американын аудиториясын өзүнө тартып алууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG