Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Абактагы Текебаевдин саламаттыгы текшерилет


Өмүрбек Текебаев абакта.
Өмүрбек Текебаев абакта.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 10-апрелде Улуттук кардиологиялык борборго ден соолугун текшерүүгө жиберилет. Андан кийин Текебаев дарылануу үчүн ооруканада калышы мүмкүн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ал камалып турган №47 абакта жүрөктүн эхокардиографиясын аныктоочу жабдуу жок:

- Кардиологиялык борбордо дарыгерлер Текебаевдин ден соолугун текшерип көргөн соң бир чечимге келишет. Текебаев дарылоону борбордо улантышы ыктымал. Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Ал буга чейин да дарыланып келген.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну буга чейин анын үй-бүлөсү өтүнүп, бирок мындан майнап чыкпай келаткан.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февралда кармалышкан. Кийинчерээк сот чечими менен ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган. Текебаев, Чотонов жана алардын тарапкерлери муну саясий куугунтук катары баалап, коюлган айыптарды четке кагышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG