Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

БШК Дамирбек Асылбек уулун мандаттан ажыратуу маселесин карайт


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Борбордук шайлоо комиссиясына парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер келип түштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, учурда Боршайкомдун 12 мүчөсү иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу кворум болоору менен комиссия бул маселени карайт. Осмоналиевдин маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун ордуна "Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыккан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG