Облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору облустук казыят менен кошо жолдо жүргөн айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында "Адам жаны - аманат" деген акция өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө унаа айдоочулары токтотулуп, айдоочуларына жол кыймыл эрежелери жазылган баракчалар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай иш-чара Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндө жана Ош-Бишкек трассасында өтүүдө.
Быйыл жыл башынан бери облус аймагында 88 жол кырсыгы катталып, 24 адам каза болсо, 146 адам түрдүү жарат алышкан. (RsK)