Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Баткенде кичи коомдук кеңештердин жыйыны өтүп жатат


Коомдук кичи кеңештердин жыйыны. Лейлек. 10-апрель, 2018-жыл.
Коомдук кичи кеңештердин жыйыны. Лейлек. 10-апрель, 2018-жыл.

Облустагы төрт кичи коомдук кеңештин жыйыны 10-апрелде Лейлек районундагы Катраң айылында өтүп жатат. Отурумга жалпысынан 200 делегат катышууда. Жыйындын демилгечилеринин бири Гүлнара Дербишеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, коомдук кичи кеңештер 2011-жылы түзүлгөн:

- 2011-жылы коомдук кеңештер жөнүндө атайын мыйзамдар чыгып, борбордо министрликтердин алдында түзүлө баштаганда, биз айыл өкмөттөрдүн алдында түзгөнбүз. Коомдук кичи кеңештер социалдык маселелерди, миграцияга кеткен үй-бүлөлөргө кам көрүүнү, мигранттын балдарына күбөлүк алууну жана эң орчундуусу -Орусиядагы абактарда отурган мигранттардын маселесин чечүүнү караган.

Дербишеванын айтымында, 2017-жылдан тартып коомдук кичи кеңештер айыл экономикасы, гендердик саясат, айылдык бюджет маселесин да кароого өттү. Бүгүнкү жыйында ушул маселелер көтөрүлүүдө. Андан тышкары, жыйында мигранттардын балдарынын укугу, ажырашып кеткен келиндердин укугу да каралып жатат.

Баткен облусунда үч район, үч шаар бар. Облус элинин саны 500 миң адамдан ашат. Негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет. Расмий маалыматтар боюнча, элдин 4,8 пайызы сырткы миграцияда. (MdN)

XS
SM
MD
LG