Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Активисттер өзбек президентине кат жазышты


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачысы атып салган окуяга байланыштуу жарандык активисттер өзбек президентине кат жазышты.

Онго жакын активист 10-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында тынчтык митингине чогулуп, коңшу өлкөнүн аскеринин жоругуна укуктук баа берүүнү суранышты. Алар жазган катта чек арачынын мындай кадамы жаңыдан өлкөнүн эми оңолуп келаткан мамилесине доо кетирээрин эскертишти. Ушундай мазмунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин наамына жазылган катты алар консулдуктун кызматкерлерине тапшырышты.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, окуя Кыргызстандын аймагында болгон.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу "Чек ара кошуундары" мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргенин, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегенин, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн" айткан.

Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген.

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде жагдайды телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG