Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Текебаев №47 абакка кайтарылды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул маалыматты Өмүрбек Текебаевдин жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Ага ылайык, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Текебаевдин "жүрөгү жана жалпы эле саламаттыгы үчүн кооптонууга негиз жоктугун" белгилеп, абакка кайтаруу тууралуу чечим чыгарышкан. Бул маалыматты экс-депутаттын адвокаты Искен Афиджанов тастыктап, дарыгерлердин Текебаевдин саламаттыгын текшерүүсүнө депутаттар да, адвокаттар да киргизилбегенин билдирди:

- Текебаевдин ден соолугун текшерүүгө аз убакыт берилди. Дээрлик бир сааттык убакытта врачтар анын анализдерин текшеришти. Бул бүгүнкү текшерүүнүн аныктыгынан шектенүүгө негиз берет. Ошол эле учурда текшерүү жүрүп жатканда жана дарыгерлердин кеңешүү мезгилинде УКМКнын жарандык кийимчен кызматкери кирип, аралашып жүрдү.

Афиджанов "Азаттыкка" "бүгүнкү жүргүзүлгөн медициналык кароо үстүртөн өткөрүлдү" деп белгилеп, Текебаевдин саламаттыгын жакшылап текшерүү талап кылынарын кошумчалады.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматы боюнча, 10-апрелде Текебаевдин саламаттыгын текшерүү гана жүргүзүлгөнүн, анализдеринин корутундулары 11-апрелде чыгарыларын билдирүүдө. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" түшүндүрмө берди:

- Бүгүн анализдер алынды. Алардын жыйынтыгы эртең чыгат экен. 11-апрелде ага жараша дарыгерлер консилиумга чогулуп, Текебаевдин дарылануусу боюнча жыйынтык чыгарышат.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшериш үчүн ал бүгүн эртең менен Улуттук кардиология борборуна жеткирилген. Дарыгерлер анын жүрөгүн текшерип, Текебаевди ооруканада дарылоону же абакка кайтарууну медициналык консилиумдан кийинч чечишерин ЖАМК маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG