Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Англияда ууландырылган Юлия Скрипаль ооруканадан чыкты


Юлия Скрипаль (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Юлия Скрипаль (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Солсбери шаарында нервди шал кылган зат менен ууландырылгандан кийин ооруканада дарыланып жаткан Скрипаль бүгүн оорукандан чыгаары кабарланды.

Бул тууралуу маалымат каражаттары өз булактарына таянып маалымдады. Азырынча маалымат расмий тастыктала элек. "Sky News" бүгүн дарыгерлер Юлия Скрипалдын саламаттыгы боюнча коомчулукка маалымат берээрин кабарлады.

4-мартта белгисиз жагдайда ууландырылган соң Юлия атасы, мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен кошо ооруканага түшкөн.

Алар андан кийин узак убакыт бою эс-учуна келе албай оор абалда жатышкан. Адегенде Юлия тилге келсе, өткөн аптада Сергей Скрипаль дагы оңоло баштаганы айтылды.

Юлия Скрипаль азырынча журналисттерге маалымат бере элек, тергөөчүлөр менен жолукканы белгисиз.

Британия "мурдагы полковникти кызы менен кошо ууландарды" деп Москваны айыптап келатат. Алар Орусияда жасалган «Новичок» деген зат менен ууландырылганы белгилүү болду. Москва болсо андай дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG