Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

"Адам жаны - аманат" акциясы Баткенде да өтүп жатат


Баткендеги акциядан тартылган сүрөт.
Баткендеги акциядан тартылган сүрөт.

10-апрелде Баткен облусунун аймагында дин кызматкерлери жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматы менен кошо айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө атайын акция өткөрүп жатышат. Иш-чаранын алкагында дин кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, адам өмүрүнө аяр мамиле кылып, ылдамдыкты ашырбоо зарыл экенин эскертишүүдө.

«Адам жаны - аманат» акциясынын алкагында атайын түшүндүрмө баракчалар, дисктер айдоочуларга, жөө адамдарга таркатылды.
Баткен облус мусулмандарынын казысы Муса ажы Жолдошовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул демилге жол кырсыктарын азайтуу, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого үндөө, адам өмүрүн алган автокырсыктардын алдын алуу максатында ишке ашырылды. (JsA)

XS
SM
MD
LG