Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Пакистанда 40 миллионго жакын бала эмделе баштады


Карачи шаарына жакын жердеги эмдөө өнөктүгү. 9-апрель, 2018-жыл.
Карачи шаарына жакын жердеги эмдөө өнөктүгү. 9-апрель, 2018-жыл.

Пакистанда 40 миллионго жакын баланы шалга каршы эмдөө башталды. 260 миңдей ыктыярчылар жана атайын кызматкерлер өлкөнүн бардык аймактарында бир жума ичинде беш жашка чейинки ар бир баланы эмдөөгө тийиш. Бул тууралуу шалга каршы эмдөө боюнча улуттук координатор Мохаммад Сафдар 9-апрелде билдирди.

Ал ошондой эле эмдөө өнөктүгүн Пакистандын уруулар көзөмөлдүк кылган аймактарында да баштоого үмүттөнүп турганын кошумчалады. Дүйнө жүзүндө жаш балдарды жабыркаткан полиомиелит вирусу Пакистанда, Ооганстанда жана Нигерияда кездешет.

Быйыл жыл башынан бери Пакистанда бул вируска бир гана бала чалдыкканы белгилүү. Вирустан жабыркаган балдардын саны 2014-жылдан тартып жапырт эмдөө башталгандан кийин азайган. Былтыр сегиз бала катталган. "Талибан" кыймылындагы жана башка исламчыл согушкерлер эмдөө жүргүзгөн адистерди “Батыштын тыңчылары” деп, өнөктүк “мусулман балдарды тукумсуз кылыш үчүн" жүргүзүлгөнүн айтып, карапайым элди ага каршы үндөшөт.

XS
SM
MD
LG