Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 00:01

Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Тулеев аймактык парламенттин төрагалыгына шайланды. 10-апрелде өткөн Кузбастын Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында анын талапкерлигин 39 депутаттын 38и колдоду.

Кузбастын аймактык кеңешинин төрагасы Алексей Синицын дүйшөмбүдө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, ал орунга Түлеев ылайыктуу экенин айтты.

Аман Түлеев марттын соңунда Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан 64 адамдын өмүрүн алган өрттөн кийин кызматынан кеткен. Ага чейин анын бийликтен кетишин митингге чогулган эл дагы талап кылган. Түлеев жергиликтүу элден эмес, президент Владимир Путиндин кечирим сураганы үчүн сынга кабылган.

73 жаштагы Түлеев 1997-жылдан бери Кемеров облусун жетектеп турган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG