Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.
Кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алманын, өрүктүн жана алчанын бүчүрлөрүнө зыян.
11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...14,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.
Бишкек шаарында түндө мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус жылуу болот.