Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Кытай лидери импорттолгон товарга салыкты азайтууну убада кылды


АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпинь Бээжинде, 08.11.2017
АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпинь Бээжинде, 08.11.2017

Кытай лидери Си Цзинпин өлкө экономикасын ачып, бир катар импорттолчу товарларга, анын ичинде автоунааларга салыкты азайтууну убада кылды. Ал мындай билдирүүнү Боао форумунда 10-апрелде жасады. Кытай лидеринин мындай сөзүнөн кийин Азия жана Европада биржалык көрсөткүчтөр менен баалуу кагаздар бир аз көтөрүлдү. Алардын баасы Кытайдын жана АКШнын соңку жарыяларынан улам 4-апрелден бери ылдыйлап жаткан.

Ай башында АКШда Вашингтон жаңы бажы тарифтерин киргизе турган 1300дөй кытайлык товардын тизмеси белгилүү болгон. Буга жооп кылып Бээжин АКШнын 50 миллиард доллардык товарынан кошумча бажы салыгы алынарын жарыялаган. Мындан улам эки өлкөнүн тиреши глобалдык экономикалык өсүшкө зыянын тийгизүүчү "соода согушуна" жеткирбейби деген кооптонуу жаралган.

XS
SM
MD
LG