Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Трамптын адвокатынын кеңсесинде тинтүү болду


АКШ президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэн. 19-сентябрь, 2017-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэн. 19-сентябрь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн жеке адвокаты Майкл Коэндин кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүүнү "курулай куугунтук" деп атады. Ал ошондой эле анын шайлоо штабынын мүчөлөрү менен Орусиянын ортосунда эч байланыш жок экенин билдирди. Президент атайын прокурор Роберт Мюллердин командасын сынга алды.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун агенттери кечээ атайын прокурордун буйругу менен Майкл Коэндин Нью-Йорктогу кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү маалында "порнографиялык тасмаларга тартылган актрисага которулган" деп божомолдонгон акча боюнча документтер алынды. Ага ылайык, актриса Сторми Дэниелс өткөн айда Майкл Коэнден 130 миң доллар акча алганын айткан. Коэн бул акчаны шайлоонун алдында, бир кездеги Трамп менен актрисанын ортосундагы байланышты ачыкка чыгарбоо өтүнүчү менен берген деген жоромол айтылат.

Ушул тапта Мюллер Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеп жатат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG