Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Депутаттар соттолгон саясатчылардын туугандары менен жолугушат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин он эки депутаты Кыргызстанда соттолгон, камалган саясатчылардын жана журналисттердин туугандары менен жолугат. Демилгечи депутаттардын арасында Алтынай Өмүрбекова, Жанар Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев жана башкалар бар. Жолугушуу 11-апрелде түш ченде парламенттин имаратында өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, абактагы саясатчылардын баарынын жакындары чакырылган:

- Алардын пикирлерин угуп, анын жыйынтыгы менен прокурорлордун, соттордун ишине байланыштуу бийликке кайрылуу жасалат деп күтүлүүдө, - деди ал.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө олтурушат. Соттолгондордун арысында Аида Салянова да бар. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Ошондой эле Нарын Айып, Дина Маслова өңдүү журналисттерге, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да мурдагы бийликти сындаган макалалары, пикирлери үчүн ири өлчөмдө айыппул салынган.

Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буйрутма деп баалашат. (SE)

XS
SM
MD
LG