Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Волоколамсктын депутаттары "Ядрово" боюнча референдум өткөрүүнү чечти


"Ядрово" таштанды талаасына каршы чыккандар. 1-апрель, 2018-жыл.
"Ядрово" таштанды талаасына каршы чыккандар. 1-апрель, 2018-жыл.

Москва облусундагы Волоколамск шаарынын жергиликтүү кеңеши «Ядрово» деп аталган таштанды талаасына байланыштуу референдум өткөрмөк болду. Шаардын мэри Петр Лазаревдин билдиргенине караганда, чечим бир добуштан кабыл алынды, бирок референдум качан өтөөрү белгисиз.

Жыл башынан бери Волоколамск шаарынын тургундары нааразылык иш-чараларын уюштуруп, «Ядрово» полигонун жабууну бийликтен талап кылып келатышат.

21-мартта 50дөй баланын башы айланып, кусуп, алсырап ооруканага түшкөн соң кырдаал курчуган. 29-мартта таштандыдан чыккан күкүрттүү суутек жана башка зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген чектен ашкан. Ошол күнү кечинде беш миңдей киши шаардык бийликке келип, аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылган.

«Ядрово» таштанды талаасына каршы нааразылык акцияларын уюштурган активист Артем Любимов кармалып, ага "полицияга баш ийген эмес" деген кине тагылды.

XS
SM
MD
LG