Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарат


Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин корутундунун долбоору даяр болгонун жана ага алымча-кошумча киргизилерин комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов "Азаттыкка" билдирген. Корутундуда Бишкек ЖЭБиндеги абалга айыптуу аткаминерлердин аттары аталып, алардын жоопкерчилиги боюнча ишине укуктук баа берүү талап кылынат.

ЖЭБинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу "Улуттук энергохолдинг" жана "Электр станциялары" ишканаларынын жетекчилери Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаев кызматтан 10-апрелде бошотулду. Узак Кыдырбаев 4-апрелде камакка алынган.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизация болгон Жылуулук электр борборуна сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Февралда түзүлгөн депутаттык комиссия авариянын чоо-жайы менен катар модернизацияга кеткен Кытай насыясын да иликтеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG