Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерине Кылмыш кодексинин 305-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 315-берене ("Кызматтык жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга быйыл 5-мартта райондун тургуну бирөөлөр акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Алар арызды каттабай туруп, иликтөө иштерин жүргүзүүнү мыйзамсыз баштаган.
Жыйынтыгында шектүү делген жаранды кармап келип, милициянын 5-бөлүмчөсүндө таңкы саат 5:00гө чейин кармап, эртеси күнү тергөө кызматына өткөрүп берген.
Прокуратура бул эки кызматкердин 6-мартта түзгөн протоколун мыйзамсыз деп эсептөөдө. Аталган кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.(ZKo)